Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 7 - шайланышынын 16- сессиясы
2016-жылдын 29-февралы № 9
Таштанды төгүү үчүн жер аныктоо жөнүндө
Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт таштак жерден таштанды төгүү үчүн жер аныктоо максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт таштак жерден таштанды төгүү үчүн :
- Казыбек айылынан түштүктө “Кара-Коюн” көпүрөсүнүн күн батыш тарабы эски жолдун жанындагы карьер;
- Казыбек айылындагы И.Жапаркуловдун үйүнүн күн батыш тарабындагы карьер;
- Жаңы-Күч айылынан түндүктө “Кош-Кашатта”, Кара-Булуң айлына барчу жолго чукул карьерлерге уруксат берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Аттокуров |