Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы № 632
Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясы жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Иштин максаттары, милдеттери, прннциптери жана предмети III. Компанияны башкаруу тартиби IV. Финансылык жана чарбалык иш V. Программалык жана редакциялык саясат VI. Эсепке алуу жана отчеттуулук VII. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби. Компаниянын ишин токтотуу тартиби I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР" телерадио-берүү компаниясы (мындан ары - Компания) өз ишин Кыргызстан калкынын -Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган бардык улуттардагы жарандардынталамдарында жүзөгө ашырат. Компания коомду мамлекеттеги, коомдогу, дүйнөдөгү бардык маанилүүокуялар жөнүндө маалымат менен камсыз кылат, мында маалымдоонун сапаты-нын жалпы кабыл алынган стандарттарын пайдаланат жана коомдогу би-ригүүгө жана ынтымакка көмөктөшөт. 2. Компания өз ишин Кыргыз Республикасынын
Конституциясына жанамыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жанабуйруктарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына,ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат. 3. Кыргыз тилиндеги толук аталышы: Кыргыз Республикасынын "Коомдуктелекерсөтүү - ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясы. Орус тилиндеги толук аталышы: Телерадиовещательная компания Кыр-гызской Республики "Общественное телевидение - ЭЛТР". 4. Компания юридикалык жак болуп саналат, өзалдынча балансы, эсеп-тешүү эсеби, ага бекитип берилген мүлкү бар, Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмийтилдердеги өзүнүн аталышы бар мөөрү болот. Компания "Ош-3000" мамлекеттик телерадиокомпаниясынын укугун му-растоочу болуп саналат. 5. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү,330. II. Иштин максаттары, милдеттери, прннциптери жана предмети 6. Компаниянын ишинин негизги максаттары жана милдеттери болуптөмөнкүлөр саналат: - өлкөдөгү жана дүйнөдөгү окуялар жөнүндө толук жана объективдүүмаалымат алууга жарандардын укуктарын камсыз кылуу; - мамлекеттик бийлик органдарынын иши, Кыргыз Республикасындагыжана чет өлкөлөрдөгү социалдык-саясий жана башка окуялар жөнүндө калккаоперативдүү маалымдоо; - өлкөнүн мамлекеттик биримдигин, жарандык тынчтыкты жана коомдогуынтымакты сактоого жана чыњдоого көмөк көрсөтүү; - Кыргыз Республикасында жашаган калктын жана этностордун билимберүү жана руханий муктаждыктарын канааттандыруу, маданияттарды, тил-дерди, салттарды өнүктүрүү жана ага көмөктөшүү; - Кыргыз Республикасы, анын ички жана тышкы саясаты жөнүндө, рес-пубдикада болуп жаткан процесстер жөнүндө маалыматтарды чет өлкөлөргөтаратуу; - журналистиканын жогорку стандарттарын, сабырдуулуктун, адамукуктарын урматтоонун стандарттарын камсыз кылуу; - экономикалык, публицистикалык, маданий-билим берүү, көркөм,окуу, оюн-зоок, спорт телерадиопрограммаларын, ошондой эле балдар мененөспүрүмдөр үчүн телерадиопрограммаларды жогорку кесиптик, көркөм жанатехникалык дењгээлде түзүү жана таратуу; - программаларды, кино-, аудио-, видео- жана башка продукциянытүзүүнүн чыгармачыл-өндүрүш процессин аларды түзүү, сатып алуу, алма-шуу, бул продукцияга жана интеллектуалдык менчиктин башка объекттеринеавтордук жана аралаш укуктарды сатып алуу, Кыргыз Республикасында,ошондой эле чет өлкөлөрдө теле-, кино-, аудио-, видеопродукцияныөндүрүүгө заказдарды жайгаштыруу жана аткаруу жолу менен жүзөгө ашыруужана камсыз кылуу; - телекөрсөтүү каналын байланыштын спутниктик, кабелдик, проводдукканалдары жана релелик линиялар аркылуу жеткирүү жана таратуу жолу ме-нен аны трансляциялоону жана ретрансляциялоону жүзөгө ашыруу; - байланыштын учурдагы спутниктик, кабелдик жана башка системала-рын пайдалануу жана жањыларын түзүү; - ар кыл түрдөгү маалыматтарды чогултууну, алмашууну жана таратуу-ну Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө уюштуруу, өз маалыматфонддорун түзүү; - маалымат мүнөзүндөгү продукциянын бардык түрдөгү басма, аудиови-зуалдык, кино-, теле-, видео- жана башка түрлөрүн чыгаруу жана таратуу;телекоммуникациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү; - Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарында белгилен-ген тартипте көргөзмөлөрдү, аукциондорду, ярмаркаларды, лотереяларды,сооданы, конкурстарды, фестивалдарды өткөрүүнү уюштуруу; - инновациялык, өздөштүрүү, уюштуруу, ортомчулук жана башка кыз-маттарды көрсөтүү; - телерадиоберүүнүн материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгөжана өнүктүрүүгө багытталган бардык зарыл чараларды өткөрүү; - рынок экономикасынын шарттарында иштөө үчүн телекөрсөтүүнүн, ра-диоуктуруунун, информатиканын жана коммуникациялардын адистерин даярдо-ону уюштуруу; - чет мамлекеттердин телерадиоуюмдары менен кызматташтыктыөнүктүрүү; - иштин башка түрлөрү. 7. Атайын уруксат (лицензия) талап кылынган иштин түрлөрүн Компа-ния Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык ыйга-рым укуктуу мамлекеттик органдар бере турган лицензиялардын негизиндежүзөгө ашырат. 8. Компания өз ишин төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырат: - редакциялык көзкарандысыздык; - маалыматтын объективдүүлүгү жана баланстуулугу; - маалыматтын оперативдүүлүгү жана тактыгы; - фактыларды жана баа берүү ой жүгүртүүлөрүн так аныктоо; - пикирлердин плюрализми; - айкындык жана ачыктык; - башкарууга жана программалык саясатты түзүүгө жарандардын каты-шуусу; - өлкөнүн калкын максималдуу камтуу. 9. Принциптерди турмушка ашыруу тартиби ушул Жобо, ошондой элеКомпаниянын ички актылары менен аныкталат. 10. Компания өз ишин өзалдынча, мамлекеттик органдар менен мекеме-лерден көзкарандысыз уюштурат жана жүзөгө ашырат, коом менен мамлекет-тин таламдарында аракеттенет. III. Компанияны башкаруу тартиби 11. Компанияны Байкоочу кењеш жана башкы директор башкарат. 12. Байкоочу кењеш Компаниянын көзөмөл кылуучу, коллегиялуу органыболуп саналат. Байкоочу кењеш тогуз мүчөдөн турат, алар Кыргыз Респуб-ликасынын жарандык статусу бар илимпоздордун, педагогикалык жана чыгар-мачыл кызматкерлердин, коомдук, кесиптик уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинендайындалат. 13. Байкоочу кењеш окуу жана илимий мекемелер, коомдук уюмдар, чы-гармачыл союздар жана жамааттар, кесиптик уюмдар көрсөткөн жана сунушкылган талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабы-наи 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. 14. Байкоочу кењештин курамына талапкерлерди көрсөтүүнү Байкоочукењештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аяктаганга чейин эки ай мурдаКомпаниянын башкы директору жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.Байкоочу кењештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотул-ган учурда талапкерди көрсөтүү бош орун пайда болгон күндөн тартып баш-талат. 15. Байкоочу кењештин мүчөлөрү өз ишин коомдук башталыштардажүзөгө ашырат, алардын Компания менен ишкер жана коммерциялык мамилеле-ри болбойт жана бул үчүн акы албайт. 16. Байкоочу кењештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары өздөрү дайын-далган мөөнөт аяктаганда, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда төмөнкүдөй учур-ларда токтотулат: - жарандыгын жоготуу; - өз каалоосу боюнча; - мамлекеттик же муниципалдык кызматка кирүү; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты, жергиликтүүкењештин депутаты болуп шайлануу; - кайтыш болуу же Байкоочу кењештин мүчөсүнүн милдеттерин аткаруу-га мүмкүндүк бербеген ооруга чалдыгуу; - Байкоочу кењештин жыйналыштарында жүйөөлүү себеби болбостон ка-тары менен үч жолу болбой калуу; - жазык кылмышын жасагандыгы үчүн соттолуу. 17. Байкоочу кењеш жылына кеминде 4 жолу чакырылат, мында ар жыл-дын 30-мартынан кечиктирбестен жылдык жыйналыштар өткөрүлөт, алардаөткөн жылдагы иштин жыйынтыктары чыгарылат. Байкоочу кењештин кезексизжыйналыштары Байкоочу кењештин төрагасынын, башкы директорунун же анынмүчөлөрүнүн курамынын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн өтүнүчү боюнча чакы-рылат. 18. Эгерде Байкоочу кењештин жыйналышына анын мүчөлөрүнүн кеминдеүчтөн эки бөлүгү катышса, ал чечим кабыл алууга укуктуу. Байкоочукењештин чечимдери анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк до-бушу менен кабыл алынат. 19. Байкоочу кењештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет: - Байкоочу кењештин Регламентин бекитүү, редакциялык принциптердибелгилөө жана Компанияны өнүктүрүү программаларын бекитүү, алардын ат-карылышына контролдук кылуу; - башкы директорду жана анын орунбасарларын дайындоого макулдукберүү; - чыгымдардын сметаларын (бюджеттерди) карап чыгуу жана макулда-шуу, Компаниянын иши жөнүндө, финансылык каражаттарды, мүлктү жана баш-ка активдерди пайдалануу жөнүндө башкы директордун жана башка кызматадамдарынын финансылык жана башка отчетторун угуу жана бекитүү; - Компаниянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн финансы-чарбалык ишижөнүндө документтерди башкы директордон, анын орунбасарларынан талапкылуу; - тематиканы аныктоо жана коомдук угууларды өткөрүү, анын ичиндеКомпаниянын ишинин жана аны өнүктүрүүнүн маселелери боюнча угуулардыөткөрүү; - Компаниянын финансылык тартипти бузган кызмат адамдарын жоопкер-чиликке тартуу жөнүндө сунуштарды берүү; - Байкоочу кењештин дарегине келип түшкөн жарандардын жана уюмдар-дын арыздары менен кайрылууларын карап чыгуу; - ушул Жободо каралган башка ыйгарым укуктар. 20. Байкоочу кењеш өзүнүн курамынын ичинен Байкоочу кењештин төра-гасын, анын орунбасарларын жана кењештин катчысын шайлайт. Байкоочукењештин төрагасы Байкоочу кењештин ишин уюштурат, ошондой элетөмөнкүдөй функцияларды аткарат: - Байкоочу кењештин чогулушунун убактысын, ордун жана күн тартибинаныктайт; - Байкоочу кењештин жыйналыштарын уюштурат жана өткөрөт, анын жый-налыштарында каралууга тийиш болгон маселелерди түзөт; жыйналыштаргажетекчилик кылат; - башкы директор Байкоочу кењештин чечимдерин аткарышын камсыз кы-лат. 21. Байкоочу кењештин жыйналышына Байкоочу кењештин катчысы прото-кол түзөт. Катчынын функциялык милдеттерин Байкоочу кењеш жана анынтөрагасы аныктайт, анын ичинде: - жылдык кезектеги жана кезексиз чогулуштарды чакыруу боюнча уюш-туруу иштерин жүргүзүү, жыйналыштар үчүн зарыл материалдарды жана Бай-коочу кењештин мүчөлөрү үчүн документтерди даярдоо, сунуш кылынган ма-териалдарды иштеп чыгуу жана жалпылоо; - жыйналыштар, күн тартиби, өткөрүү убактысы жана орду жөнүндөжылдык жана кезектеги жыйналыш өткөрүлгөнгө чейин 30 күн мурда, кезек-сиз жыйналыш өткөрүлгөнгө чейин 10 күн мурда Байкоочу кењештинмүчөлөрүнө билдирүү; - Байкоочу кенештин иш кагаздарын жүргүзүү. Башкы директор Байкоочу кењештин жыйналыштарына кењеш берүү добушукугу менен катышууга укуктуу. 22. Байкоочу кењеш коомдук башталыштарда иштейт. Байкоочу кењештинишин уюштуруу, методикалык, финансылык жана башка камсыз кылууну Компа-ниянын аткаруучу органы жүзөгө ашырат. 23. Башкы директор Компаниянын аткаруучу органы болуп саналат.Башкы директордун үч: телекөрсөтүү, радио жана техника боюнча орунба-сарлары болот. Башкы директор өз ишинде Байкоочу кењешке отчет берет. 24. Компаниянын башкы директору Байкоочу кењештин макулдугу мененКыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. 25. Башкы директор төмөнкүдөй маселелерди чечүүгө ыйгарым укуктуу: - келишимдерди түзүүгө, буйруктарды чыгарууга жана кызматкерлераткарууга милдеттүү болгон, Компаниянын иши менен байланышкан тапшырма-ларды берүүгө; - берүүлөрдүн ар жумадагы программаларын макулдашууга жана бе-китүүгө, Компаниянын чыгармачыл жамааттарынын жана журналисттеринин су-нушу боюнча берүүлөрдүн убактысын аныктоого; - программаларды жана берүүлөрдү уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунунфинансылык маселелерин чечүүгө; - ишеним каты болбостон Компаниянын атынан аракеттерди жүзөгө ашы-рууга, анын таламдарын бардык атамекендик жана чет өлкөлүк ишканаларда,мекемелерде, уюмдарда билдирүүгө; - Компаниянын мүлкүн тескөөгө, Компаниянын чыгымдарын негиздөөгө(Байкоочу кењеш берген компетенциянын чектеринде); - мекеменин кызматкерлеринин аткаруу тартибине контролдук кылууга,Байкоочу кењештин бардык чечимдери аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуу-га; - Компания реклама роликтерин кабыл алышынын жана башка кызматтар-ды көрсөтүшүнүн тартибин аныктоого, алардын наркын (баасын) аныктоого; - кызматкерлерди ишсапарларга жиберүүгө жана алардын жыйынтыктарыбоюнча отчетторду угууга; - Компаниянын кызматкерлерин жалдоого жана бошотууга, штаттык са-нын белгилөөгө; кызматкерлерди сыйлоо жана аларга таасир этүү чараларынкөрүүгө. 26. Башкы директордун орунбасарлары башкы директордун сунушу боюн-ча жана Байкоочу кењештин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Прези-денти тарабынан дайындалат. 27. Башкы директордун орунбасарлары функцияларын алардын жана баш-кы директордун ортосунда функциялык милдеттер бөлүштүрүлүшүнө ылайыкаткарат. IV. Финансылык жана чарбалык иш 28. Компаниянын ишин финансылоо республикалык бюджеттин, өкмөттүксубсидиялардын, рекламанын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындатыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Финансылоо ошондой эле кайрымдуулук, гранттык жана башкадемөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 29. Телерадиоберүү жагынан демөөрчүлүк иш төмөнкүдөй шарттарга жа-на талаптарга жооп берүүгө тийиш: - демөөрчү демөөргө алынып жаткан телерадиоберүүнүн мазмунуна таа-сир этүүгө же анын эфирге чыгуу убактысын жана мөөнөтүн белгилөөгөукуксуз; - демөөргө алынып жаткан телерадиоберүү бул жөнүндө билдиргеи такжана түшүнүктүү титрлерди, телерадиоберүүнүн башталышында жана/же ая-гында гана бериле турган жазууларды же жарыяны камтууга тийиш; - демөөргө алынып жаткан телерадиоберүүлөр демөөрчүнүн же үчүнчүжактын товарларын же кызмат көрсөтүүлөрүн сатууну, сатып алууну жеарендалоону кубаттого, атап айтканда, ушундай телерадиоберүүлөрдө бултоварлар же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө эске салуу аркылуу кубаттооготийиш эмес. 30. Компания кирешелери ушул Жободо белгиленген максаттарды тур-мушка ашырууга жумшала турган чарбалык ишти жүргүзүүгө укуктуу. Коомдуктелекөрсөтүү пайда алуу максатын көздөбөйт. 31. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу мамлекеттиксатып алуулар жөнүндө мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат. V. Программалык жана редакциялык саясат 32. Компаниянын программалары коомдун кызыкчылыктарына кызмат кы-лууга тийиш. Коомдук берүүнүн программалары бүтүндөй алганда саясатта, филосо-фияда, динде, илимде жана көркөм өнөрдө болгон пикирлердин жана тенден-циялардын кењири диапазонун чагылдырууга тийиш. Алар кандайдыр бир пар-тиянын же топтун, ассоциациянын, компаниянын, диндин же идеологиянынталамдарына бир тараптуу тартипте кызмат кылууга тийиш эмес. 33. Программаларды түзүүдө өлкөнүн бардык региондорунун таламдарыэске алынууга тийиш. Компаниянын программалык артыкчылыктары коомдукпикирди иликтөөнүн натыйжаларын эске алуу менен аныкталат. Программалардемократиялык дөөлөттөрдү, эларалык өзара түшүнүшүүнү, тынчтыкты жанаэлдердин ортосундагы достукту коргоого тийиш. 34. Компания маалыматтык, социалдык, публицистикалык, маданий, би-лим берүү, балдар, өспүрүмдөр жана башка программаларын таратууга,ошондой эле: - теле- жана радиоберүүнүн бүткүл көлөмүнүн кеминде 60%ин мамле-кеттик тилде жүргүзүүгө; - өзүнүн телерадиоберүү продукциясынын архивин түзүүгө; - телекөрсөтүү фильмдерин чыгарууга милдеттүү. 35. Программалык саясаттын кошумча эрежелерин Байкоочу кењеш бел-гилейт. 36. Өздөрүнүн чыгармачыл ишинде Компаниянын кызматкерлери мыйзам-дарды, ошондой эле журналисттик этиканын принциптерин жана ушул Жобогоылайык кабыл алынган башка ички актыларды жетекчиликке алат. 37. Чыгармачыл кызматкерлер журналисттик этиканын принциптериндекамтылган этикалык стандарттарды жетекчиликке алат. Фактылардын жанаавтордук комментарийлердин тактыгы, ишенимдүүлүгү, балансташкандыгы,толук болушу жана жеткиликтүүлүгү, ошондой эле так чектелиши маалыматтыберүүнүн башкы стандарттары болууга тийиш. 38. Жашы жете электер, кылмыштардын курмандыктары, жаратылыш кыр-сыктарынан жана апааттарынан жапа чеккендер жөнүндө материалдардаөзгөчө сактык сакталат; жеке турмуш, шектүүлөргө, айыпталып жана сотто-луп жаткандарга карата калыстык принциби урматталат, маалымат булакта-рынын жана псевдонимдердин купуялыгы корголот. 39. Компания Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө болуп жаткан бар-дык коомдук-маанилүү окуялар жөнүндө толук жана оперативдүү маалыматтыберүүгө милдеттүү. Жањылыктар объективдүү, балансташкан жана көзкаран-дысыз болууга тийиш. Комментарийлер фактылардан так ажыратылууга тийиш. 40. Компания, ушул Жобого жана ички актыларга ылайык, кандай тема-лар коомдук жактан маанилүү болуп санала тургандыгын өзалдынча анык-тайт. 41. Компания парламенттик угууларды, Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаБорбордук комиссиясынын жыйналыштарын жазылган түрдө, ошондой эле түзэфир менен берүүгө укуктуу. 42. Компания белгиленген тартипте мамлекеттик бийлик органдарынынкарамагында болгон архивдерге, документтерге жана маалыматка жетки-ликтүүлүккө уруксат сурата алат. 43. Компания кењири калк үчүн жеткиликтүү болгон жана жалпы маалы-маттык кызыкчылыкты билдирген маданий, спорттук жана башка ишчараларгаэркин жеткиликтүүлүккө укуктуу. 44. Компания программаларды өндүрүүнү Байкоочу кењеш белгилегенжол-жобо боюнча башка уюмдарга заказ кыла алат. VI. Эсепке алуу жана отчеттуулук 45. Компания бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт жана (салыктык,социалдык, статистикалык ж.б.) отчетторду ыйгарым укуктуу мамлекеттикоргандарга берет. 46. Байкоочу кењештин чечими боюнча Компанияда финансылык жаначарбалык иштин тышкы аудити жүргүзүлүшү мүмкүн. Тандоо (сатып алуу)мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга ылайык жүргүзүлөт же тендер-дик комиссия тарабынан жүргүзүлөт, ал Компаниянын кызматкерлеринин ичи-нен же зарылчылык болгон учурда көзкарандысыз эксперттердин ичинентүзүлөт. Аудитордук фирманын отчету Байкоочу кењеш тарабынан каралат, ошон-дой эле отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен жары-яланат. 47. Компания жыл сайын отчеттук жылдан кийин өтүп жаткан жылдын30-апрелинен кечиктирбестен коомчулукка өзүнүн иши жөнүндө маалымдайт. Компаниянын ар жылдагы отчету жалпыга маалымдоо каражаттарына мил-деттүү түрдө жарыяланууга тийиш. VII. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби. Компаниянын ишин токтотуу тартиби 48. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Компаниянын Байкоочукењешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынанкиргизилет. 49. Компаниянын иши Компания жоюлган же ал өзгөртүп түзүлгөн учур-да токтотулат. Ишти токтотуу жөнүндө чечимди Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти же ал ыйгарым укук берген адам кабыл алат. 50. Компаниянын иши токтотулган учурда анын ишинин жүрүшүндө келипчыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө"Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.