Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-шайланышынын 18 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 29-февралы № 4
Казыбек айылынын тургуну Курманбек уулу Оёнбекке “Жол-Бел” участкасынан кыштоо салуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Казыбек айылынын тургуну Курманбек уулу Оенбекке “Жол-Бел” участкасынан сарай салуу үчүн Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынын 2016-жылдын 3-февралынын № 11 Протоколунун негизинде , айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы № 169 токтому менен бекитилген жер участокторун которуу ( трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү Убактылуу Жобонун 16 пунктунун 1,2,3 под пунктуна ылайык жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясынын 2016-жылдын 3-февралындагы № 11 Протоколунун негизинде Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу “Жол-Бел” коктусундагы № 777 контурунун ичинен эски жер төлөөнүн ордунан мал чарбасын өнүктүрүү максатында 0,05 га жерин курулуш алдындагы жерлер категориясына которууга ( трансформациялоо) берилген сунуш бекитилсин.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрацияынан суралсын.
Төрага | Б. Аттокуров |