Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-шайланышынын 17 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 2-апрели № 5
Нарын шаарынын тургуну Кандыбаев Султанбектин арызы жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү «Торугарт» участкасындагы өткөөл пуктунун күн батыш тарабынан 3,0 гектар жайыт жеринен арендага жеңилдетилген курулуш курууга, заправка, тамак ичүүчү жай жана автомашина токтоочу жайларды куруу үчүн убактылуу пайдалануу максатында, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү «Торугарт » участкасындагы өткөөл пунктунун күн батыш тарабынан 3,0 гектар жайыт жеринен арендага жеңилдетилген курулуш курууга, заправка, тамак ичүүчү жай жана автомашина токтоочу жайларды куруу үчүн убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Жерди аныктап берүү жагы Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынан суралсын.
3. Бул жер жайыт жери болгондуктан, макулдук берүү жагы Жайыт комитетине сунушталсын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы жер жана айыл чарба боюнча башкы адис М.Шермамбетовго тапшырылсын.
Төрага | А. Рахманкулов |