Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7- шайланышынын 17 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 2-апрели № 8
Жайыт комитетине өздүк салым берүү жөнүндө
Казыбек айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесине айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагындагы “Күрөш залынын” имараты айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүү боюнча документтери бүтпөй калгандыгына байланыштуу , бөлүнүп берилген 250 000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетине кайтарылып берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаал боюнча бөлүмүнө, республикалык өзгөчө кырдаал министрлиги каржылай тургандыгын эске алып, айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилген 20 000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетине кайтарылып берилсин.
3. Жогорудагы кайтарылып алынган 270 000 сом акча каражаты, айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өздүк салым катары берүүсү айыл өкмөтүнөн суралсын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Аттокуров |