Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7- шайланышынын 18 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 14-майы № 5
“Казыбек Жаңы-Күч” муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө
Казыбек айыл аймагын базар экономикасынын шарттарына ылайык социалдык,курулуш жана айыл чарба тармагын,чакан жана орто ишмердүүлүктү өнүктүрүү менен Казыбек айыл аймагынын социалдык- экономикалык абалын жогорулатуу,анын ичинде айылдын ичин жашылдандыруу жана аны өнүктүрүү, катуу таштандыларды тазалоо, айыл ичин көрккө келтирүү, айыл ичиндеги арык жана ирригациялык системаларды калыбына келтирүү, жаңы оңдоп куруу, парк жана көпчүлүк эс алуучу жайларды калыбына келтирүү аны уюштуруу менен ремонттук иштерди алып баруу, жергиликтүү жамааттардын жашоо деңгээлин, экологиялык таза ыңгайлуу шарт түзүү.Казыбек айыл өкмөтүнүн социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагында “Казыбек Жаңы-Күч” муниципалдык ишканасы болуп ачылсын.
2. “Казыбек Жаңы-Күч” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.
3. Уставды бекитүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестринен өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Аттокуров |