Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7- шайланышынын 18 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 14-майы № 6
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт маселелери жөнүндө
Казыбек айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-2017-жылдар үчүн жайыт башкаруу планын жана атайын техника уюштуруу үчүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы З.Төлөгөновдун кайрылуусунун негизинде, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Казыбек айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-2017-жылдар үчүн жайыт башкаруу планы бекитилсин.
2. Казыбек айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине атайын техника алуу долбоору жактырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы ЖПБнын төрагасы З.Төлөгөновго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Аттокуров |