Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7- шайланышынын 19 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 18-июлу № 1
Казыбек айылдык кеңешинин V- шайланышынын XVIII - ачык сессиясынын 31-март 2012-жылдагы № 5 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө
Казыбек айылдык кеңешинин V - шайланышынын XVIII - ачык сессиясынын 31-март 2012-жылдагы № 5 чечими боюнча Таможная бекетинин кире бериш жериндеги жол боюнан № 12 контурдагы 1,24 га жайыт жерин кирешелүү пайдалануу максатында, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таможная бекетинин кире бериш жериндеги жол боюнан № 12 контурдагы 1,24 га жайыт жерин 2012-жылдын 31-мартынан 2016-жылдын 18-июлуна чейин Казыбек айылдык кенешинин V - шайланышынын XVIII - ачык сессиясынын чечимин аткаруу боюнча келишим түзүлбөй, эч кандай иш жүрбөй жана айыл өкмөтүнүн бюджетине ижара акы жана тиешелүү салыктар төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу аталган чечим жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Аттокуров |