Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-шайланышынын 18 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 18-июлу № 2
ЖПБнын төрагасы З.Төлөгөновдун кайрылуусу жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн ЖПБне АРИС программасы аркылуу айыл чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору боюнча келүүчү инвестицияга атайын техника алуу үчүн өздүк салым сурап жазан кайрылуусун канааттандыруу максатында , айылык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж.Кайыпов атындагы орто мектепке түрткү берүүчү грантка жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн бөлүнгөн пайдаланылбай калган 300000 сомду жана 2015-жылы көчөлөргө шагыл төгүү үчүн күйүүчү майга бөлүнгөн үнөмдүлгөн акча каражатынан 43000 сомду ЖПБнын АРИС программасы аркылуу айыл чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору боюнча келүүчү инвестицияга атайын техника алуу үчүн өздүк салымына которулуп берилсин.
2. Которулуучу акча каражатын Каржы Министрлигинен которуп берүү жагы башкы бухгалтер Э.Керималиевага, которуп алуу жагы ЖПБнын төрагасы З.Төлөгөновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Аттокуров |