Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-шайланышынын 18 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 18-июлу № 4
Казыбек айылынын “Тогуз коргоол” оюну боюнча машыктыруучусу Т.Дүйшөналиевдин кайрылуусу жөнүндө
Казыбек айылынын “Тогуз коргоол” оюну боюнча машыктыруучусу Т.Дүйшөналиевдин кайрылуусун аткаруу максатында, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылынын тургуну Турдалы кызы Аидага 2016-жылдын август айында Кытай Элдик Республикасынын Үрүмчү аймагында өтө турган Тогуз коргоол” оюну боюнча Азиянын III чемпионатына катышууга баруу үчүн жол киреге жергиликтүү бюджеттен 20000 сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнүн башчысы Э.Керималиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Аттокуров |