Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-шайланышынын 18 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 3-августу № 2
«Казыбек - Жеткинчек » балдар бакчасынын атын «Эшмамбет ата» наамына которуу жөнүндө
Молдакунов Эшмамбет эмгек жолун башталгыч класста мугалимдик кесиптен баштаган , чоң комузчу , улуу муундагы залкар комузчулардын комуз күүлөрүн дал өзүндөй аткарып, комуз күүлөрү боюнча облустук, республикалык конкурстардын бир нече жолку жеңүүчүсү болгон. Молдакунов Эшмамбеттин чыгарган жана аткарган күүлөрү кыргыз радиосунун жана телевидениесинин алтын фондунда жазылып алынган. «Кайра куруу» күүсү оркестрге салынып , бүгүнкү күндө Кыргыз филармониясынын оркестринин аткаруусунда угармандарга тартууланууда. Кыргыз телевидениеси тарабынан Э.Молдакунов тууралуу «Залкар комузчу» деген берүү тартылган. «Жол кербез». «Кайра куруу», «Кайра жаралуу», «Аккуланын жүрүшү», «Карылык» деген угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан күүлөрдү жараткан . «Казыбек -Жеткинчек» бала бакчасынын жамаатынын жалпы чогулушунун 2016-жылдагы 13- июлундагы № 3 токтомунун негизинде жана жогорудагы эмгектерин эске алуу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Казыбек айылындагы “Казыбек-Жеткинчек ” балдар бакчасы “Эшмамбет ата” атындагы балдар бакчасы болуп аталсын .
2. Казыбек айылындагы ”Эшмамбет ата ” атындагы балдар бакчасына төмөнкүлөрдү аткарылуусу талап кылынсын:
ü Жыл сайын балдар бакчасынын ремонтуна айыл өкмөтүнөн тышкары жардам кылуусу;
ü Балдар бакчага жетишпеген адабий , көркөм ж.б. китептер жана оюнчуктар , концелярдык товарлар менен толукталып туруусу;
ü Балдар бакчага орг.техника жана кээ бир балдарга тиешелүү мебелдер менен мүмкүнчүлүгүнө жараша камсыз кылуусу;
ü Балдар бакчага тиешелүү баннерлерди жаңыртып туруусу.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы жаңы аталган “Эшмамбет ата” атындагы балдар бакчасынын директору Молдакунова Гүлайымга жүктөлсүн.
4. Токтомду бекитип берүү жагын Билим жана илим министрлигине сунуштоону Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Дөөткуловго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Аттокуров |