Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-шайланышынын 21 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 17-августу № 2
Ж.Кайыпов орто мектебинде «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-мартындагы № 134-б буйругуна ылайык «Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу , мамлекетик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына бюджеттен тышкаркы каражаттардын натыйжалуу жана ачык-айкын пайдаланышын камсыздоо максатында , «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык жана Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын 6-май 2016-жылдагы № 88-б буйругунун негизинде , айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын 6-май 2016-жылдагы № 88-б буйругу Казыбек айыл өкмөтүнүн Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинде аткарууга алынсын.
2. 2016-жылдын 1-июлдан тартып 31-декабрына чейин Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинин бюджеттен тышкаркы каражаттарын жөнгө салуу механизмин пилоттук апробациялоо жүргүзүлсүн.
3. Казыбек айыл өкмөтүндөгү Ж.Кайыпов атындагы орто мектепте бюджеттен тышкаркы каражаттарды эсепке алуу жана тейлөө үчүн мамлекеттик үлүш катышкан коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берилсин.
4. Казыбек айыл өкмөтүндөгү Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинин бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата «Көзөмөлчүлүк Кеңешинин» курамы 7 (жети) адамдан түзүлсүн:
1. Б.Аттокуров – айылдык кеңештин депутаты;
2. Жума у.Ж .- айылдык кеңештин депутаты ;
3. С.Турдумамбетова – ата-энелер комитетинин төрайымы;
4. А.Тариэл кызы – аялдар кеңешинин төрайымы;
5. А.Айдакеева – айыл тургуну;
6. А.Дүйшеев – айыл тургуну;
7. А.Айылчиев – жаштар уюмунун мүчөсү.
5. Түзүлгөн «Көзөмөлдүк кеңешинин» курамы массалык маалымат булактарына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго жана Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинин директору М.Бакалбаевге тапшырылсын.
Төрага | Б. Аттокуров |