Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-шайланышынын 21 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 17-августу № 3
« Казыбек Жаңы-Күч » муниципалдык ишкананын директоруна, механизаторуна жана бухгалтерине айлык акыларын бекитүү жөнүндө
«Казыбек Жаңы-Күч» муниципалдык ишкананын директоруна , механизаторуна жана бухгалтерине айыл өкмөтүнө келген техникалардан түшкөн акча каражаттарынан айлык акы бөлүп берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «Казыбек Жаңы-Күч » муниципалдык ишкананын механизаторлоруна иштеп тапкан жалпы кирешесинин 30 % эмгек акысына бөлүнүп берилсин.
2. Аталган муниципалдык ишкананын директоруна жана бухгалтерине жалпы түшкөн кирешенин 10 % ( 0,7 % директоруна , 0,3% бухгалтерине ) эмгек акысына бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы муниципалдык ишкананын директору Б.Аалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Аттокуров |