Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-шайланышынын 21 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 17-августу № 3
Жаңы-Күч суусуна сугат курулмаларын жана айыл ичине трансформатор сатып алуу боюнча долбоорлордун сметасын бекитүү жөнүндө
ПРООН тарабынан каржыланып жаткан Жаңы-Күч айылынын инфраструктурасынын экономикалык жактан өнүктүрүү Жаңы-Күч суусуна сугат курулмаларын жана айыл ичине трансформатор сатып алып коюу боюнча долбоорлордун сметасын бекитүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. ПРООН тарабынан каржыланып жаткан:
а) Казыбек айылынын инфраструктурасынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жалпы суммасы 194029 сом, мунун ичинен ПРООН тарабынан берилүүчү гранттын сумма 130634 сом Жаңы-Күч айылынын сугат курулмасына пайдаланууга;
б) Жаңы-Күч айылына трансформатор установкасы менен сатып алууга жалпысынан 194029 сом, мунун ичинен ПРООН тарабынан берилүүчү сумма 63395 сомдун сметалары бекитилсин.
2. Жаңы-Күч айылына ПРООН тарабынан каржыланган проектидеги келип түшкөн акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага тапшырылсын.
3. Жаңы-Күч айылынын башчысы Т.Нурмамбетовго ушул грант которулгандан кийин орнотуу, иштетүү отчетторун берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Аттокуров |