Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-шайланышынын 21 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 17-августу № 5
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Казыбек айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Казыбек айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишим жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтомунун негизинде, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Казыбек айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишим бекитилсин.
2. Келишимде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык айрым укуктарды аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Садыковага милдеттендирилсин.
3. Түзүлгөн сметага ылайык эмгек акыларды төлөп берүү жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Садыковага тапшырылсын.
Төрага | Б. Аттокуров |