Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-шайланышынын 21 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 17-августу № 6
Казыбек айылындагы “Сары-Гоо ” участкасына келүүчү сугат суу каналына Жолдошбаев Сулаймандын атын берүү жөнүндө
Казыбек айылындагы Орто-Келтебиктен келүүчү Көк-Кырчоо каналы менен ушул күнгө чейин жер аянттары суу ичип келүүдө.Жылдан жылга жаратылыш катаал, каналдарды оңдоо, Орто-Келтебиктен бурулчу суунун башы оорчулукту жараткандыктан суу башына сооружения жана кум чайкоочу отстойник курулду, бирок буга чейинки айыл тургуну,аксакал Жолдошбаев Сулайман күнү-түнү күрөгү колунан түшпөй суу жеп жаткан жерин тосуп ,керек болсо үлүшкө бөлүп алып сугара албай жаткан “Сары-Гоо” участкасын жалгыз өзү сугарып келгенин жана айыл элине, айылга көп эмгек кылгандыгын эске алып, Казыбек айылындагы “Сары-Гоо” участкасында жер аянты бар атуулдардын 2016-жылдагы 17-августундагы жалпы чогулушунун № 1 Протоколун бекитүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Казыбек айылындагы “Сары-Гоо” участкасында жер аянты бар атуулдардын 2016-жылдагы 17-августундагы жалпы чогулушунун № 1 Протоколунун негизинде Казыбек айылынын тургуну Жолдошбаев Сулаймандын аты берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Аттокуров |