Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-шайланышынын 21 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 17-августу № 7
Нарын шаарынын тургуну Кандыбаев Султанбектин Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу “Торугарт” участкасындгы чыгыш бажы өткөөл пунктунун күн батыш тарабындагы №12 контурунун ичиндеги өнөр-жай, транспорт, байланыштын,коргоонун жана башкалардын жерлеринен 3,0 гектар жер аянтын май куючу станция, унаа токтоочу жай,тамак ичүүчү жай жана жатакана салуу үчүн жеңил конструкцияга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу жөнүндөгү” 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 мыйзамынын жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 3-августундагы № 161-б буйргунун негизинде Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу “Торугарт”участкасындагы чыгыш бажы өткөөл пунктунун күн батыш тарабындагы № 1 контурунун ичиндеги өнөр-жай,транспорт, байланыштын,коргоонун жана башкалардын жерлеринен 3,0 гектар жер аянтын май куючу станция, унаа токтоочу жай,тамак ичүүчү жай жана жатакана салуу үчүн жеңил конструкцияга уруксат берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Нарын шаарынын тургуну Кандыбаев Султанбекке Казыбек айыл өкмөтүнө караштуу “Торугарт” участкасындагы чыгыш бажы өткөөл пунктунун күн батыш тарабындагы № 12 контурунун ичиндеги өнөр-жай , транспорт, байланыштын,коргоонун жана башкалардын жерлеринен 3,0 гектар жер аянтын май куючу станция,унаа токтоочу жай, тамак ичүүчү жай жана жатакана салуу үчүн жеңил конструкцияга 5 ( беш) жылга 2016-жылдын 1-сентябрынан 2021-жылын 1-сентябрына чейин уруксат берилсин.
2. Буйрук чыгарып берүү жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго суралсын.
Төрага | Б. Аттокуров |