Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-шайланышынын 21 - кезексиз сессиясы
2016-жылдын 17-ноябры № 1
Казыбек айыл аймагында АИД-3 долбооруна проектини бекитүү жөнүндө
Казыбек айыл аймагынын долбоорду тандап алуу боюнча конкурстук комиссиясынын 15-ноябрь 2016-жылдагы чечиминин негизинде, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Долбоорду тандап алуу боюнча түзүлгөн комиссия аныктаган артыкчылыктуу көйгөлөрдүн тизмеси комиссия көрсөткөн ирээтте бекитилсин.
2. Казыбек айыл аймагынын конкурстук комиссиясынын 15-ноябрь 2016-жылдагы чечими канаааттандырылып,ири долбоорго Жаңы-Күч айылына бала бакча салуу долбоору жана кичи долбоорго Казыбек айылына айылдык стадионду куруу долбоору жактырылсын.
3. Жаңы-Күч айылына салынуучу бала бакчага жер бөлүнүп берилип архитектуралык пландоо тапшырмасын иштеп чыгып,Казыбек айылындагы айылдык стадионго жер бөлүп берип архитектуралык пландоо тапшырмасын иштеп чыгып, АИД-3 долбооруна сунуштоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Аттокуров |