Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVIII-сессиясы
2015-жылдын 8-августу № 160
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Арал айылынын тургуну Султанова Нурзиданын арызынын негизинде Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургуну Султанова Нурзиданын арызы канаатандырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн алдындагы соц.маселелер боюнча комиссия жеринде барып, тактап арыз боюнча акт түзүп, арызга тиешелүү документтер Талас райондук калкты соц. жактан коргоо башкармалыгына жөлөк пул чектөөгө жөнөтүлсүн.
3. КР жөлөк пул чектөө боюнча мыйзамдарынын чектеринде Арал айылынын тургуну Султанова Нурзиданын балдарына жөлөк пул чектеп берүү жагы Талас райондук калкты соц. жактан коргоо башкармалыгынан суралсын.
Төрага | Ж. Медетов |