Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVIII-сессиясы
2015-жылдын 8-августу № 163
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Арал айылындагы М.Сейталиев орто мектебинин директору К.Жолдошеванын кайрылуусунун негизинде Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Сейталиев орто мектебинин директору К.Жолдошеванын кайрылуусу канаатандырылсын.
2. “Балдарды коргойлу ” кичи долбоорунун алкагында мектепке ажаткана куруу үчүн элдин салымы болуп эсептелген 57700 (элүү жети миң жети жүз) сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн өздүк эсебинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы боюнча Айылдык Кеңештин сессиясына маалымат берилсин.
Төрага | Ж. Медетов |