Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVIII-сессиясы
2015-жылдын 8-августу № 165
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Арал айыл өкмөтүнүн дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча штаттан тышкаркы инструктору М.Эралиевдин арызынын негизинде Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл өкмөтүнүн дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча штаттан тышкаркы инструктору М.Эралиевдин арызы канаатандырылсын.
2. Касым Балбан стадионунун сел алган жерине топурак төгүү, тегиздөө калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн сметанын негизинде акча каражатын бөлүп, аткарууга алуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы боюнча Айылдык Кеңештин сессиясына маалымат берилсин.
Төрага | Ж. Медетов |