Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVIII-сессиясы
2015-жылдын 8-августу № 167
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Арал айылынын тургундарынын арыздарынын негизинде Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургундары Садыралиев Күмүшбектин, Жунушалиева Тураттын жана Кутманалиев Мукандын ден-соолуктарын чыңдоого материалдак жардам сурап жазган арыздарын жеринде барып тактап, сессияга сунуштоо жагы Айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин..
2. Жаңы конуштарга электр чубалгыларын тартуу боюнча айыл тургундарынан келип түшкөн арыз өткөн сессияларда да каралып, тиешелүү мекеме уюмдар менен чечүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилгендиктен , арыз кайра айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин жана аткарылышы боюнча кийинки сессияда маалымат берүү жагы айыл өкмөт башчысына эскертилсин.
3. “Андаш суу” СПА сынын кызматкерлери тарабынан каналдын ремонт иштерине акча каражатын сурап жазган арыздары “Андаш “ каналы Талас суу чарба башкармалыгына өткөндүктөн канаатандырылган жок.
4. “Андаш суу” СПА сынын кызматкерлери тарабынан каналдын ремонт иштерине жаз айларында бөлүнгөн 70 миң сом акча каражатынын сарпталышын карап чыгуу, көзөмөлдөө калган курулуш материалдарын , цементерди тактоо боюнча жазган арыздарын жеринде барып тактоо жагы айыл өкмөт башчысына мурунку сессияда милдеттендирилгендиги жана ушул мезгилге чейин айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аткарылбагандыгы белгиленип, экинчи ирээт айыл өкмөт башчысына аткарууга жөнөтүлсүн, токтомдун аткарылышы тууралу кийинки сессияга маалымат берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. Айыл тургуну Жакыпбаев Нурландын азык-түлүк алууга материалдык жардам сурап жазган арызы жана айыл тургундарынын Сулайманов Чокойбектин үйүнүн жанындагы арыкка лоток салып берүү тууралуу жазган арызы аткарууга айыл өкмөт башчысына жөнөтүлсүн.
6. Комиссияны курамын жоюу боюнча 2015-жылдын 20-июнундагы сессиянын токтому, 2015-жылдын 19-мартындагы Май Дөбө көрүстөнүнүн тегерегин кармоого бөлүнгөн акча каражаты тууралу сессиянын токтому бүгүнкү күнгө чейин бөлүнүп берилбей аткаруу мөөнөтү өтүп , аткарылбагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысынын 6 ай ичинде бюджеттин аткарылышы боюнча отчету кийинки сессиянын күн тартибине киргизилсин.
7. Айыл өкмөтүнүн аймагында күзгү чаап жыйноонун наркы төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:
Күйүүчү май 25 литр;
Кызмат көрсөтүүнүн наркы - 1000сом;
8. Айыл өкмөтүнүн айыл чарба техникалары ( комбайн, германка, экскватор) киреше табуучу техника катары айыл өкмөтүнүн өздүк эсебине салык төлөө боюнча маселени кийинки сеесияга сунуштоо жагы бюджеттик комиссияга милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышы жеке өзүмдүн көзөмөлүмө калтырылсын.
Төрага | Ж. Медетов |