Загрузка документа…
КР Президентинин 2009-жылдын 16-апрелиндеги ПЖ N 202 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 3-январы ПЖ N 1
Мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жөнүндө
Соңку жылдары Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик органдардын башкаруу түзүмдөрүнүн ишин өркүндөтүүгө жана оптималдаштырууга, аларды жайгаштыруу, мамлекеттик менчикти, анын ичинде колдо бар администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу менен айланышкан маселелерди оперативдүү чечүүгө багытталган бир катар чечимдери кабыл алынды.
Бирок талдоо көрсөтүп тургандай, жогоруда аталган чаралар анча натыйжалуу жүзөгө ашырылбай, ал эми аларды аткаруу республиканын айрым мамлекеттик органдары тарабынан ыксыз создуктурулуп жатат.
Ушуну эске алып, ошондой эле мамлекеттик администрациялык имараттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, аларды күтүүгө бюджеттик каражаттарды максаттуу жана ачык пайдаланууну, Кыргыз Республикасынын администрациялык имараттарынын мамлекеттик фондун сактоону камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик башкаруу органдарын түзүмдүк кайра уюштуруунун чегинде мамлекеттик менчикти, атап айтканда, колдо бар администрациялык имараттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну артыкчылыктуу милдеттердин бири деп эсептесин.
2. Бишкек шаарында жайгашкан администрациялык имараттарды жана жайларды эсепке алууну жана башкарууну, аларды күтүүнү жана пайдаланууну түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жүргүзө тургандыгы аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-декабрындагы N 754 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 13-майындагы N 126 буйругун жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" токтомунда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы N 830-б буйругунда каралган чараларды жүзөгө ашырууну толук көлөмүндө камсыз кылсын, анын ичинде төмөнкүлөрдү аткарсын:
- 2006-жылдын 1-мартына карата - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жана аларды андан ары илгерилетүү;
- 2007-жылдын 1-январына карата - Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын администрациялык имараттарын пайдалануу боюнча Жыйынды реестрге киргизилген мамлекеттик администрациялык имараттарды оперативдүү башкаруу укугунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына этап боюнча өткөрүп берүү;
- бул жагында ишти күчөтүү, анын ичинде мамлекеттик башкаруу органдарын жайгаштыруу үчүн мамлекеттик администрациялык имараттардагы жайларды берүүгө ченемдерди иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча кошумча чараларды карасын, муну менен бирге аларды күтүүгө бюджеттик каражаттарды бекитилген ченемдерге так ылайык бөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте мамлекеттик администрациялык имараттарды өз убагында кабыл алуу-өткөрүүнү;
- өткөрүп берилген мамлекеттик администрациялык имараттарды андан ары натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле ал имараттарды эксплуатациялоого жана күтүүгө коюлган эрежелерди жана талаптарды аткаруу.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи орунбасары - уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев