Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы
2015-жылдын 20-августу № 168
Айыл өкмөтүнүн башчысынын ишин кароо
Айылдык Кеңештин айыл өкмөт башчысына аткарууга жиберген токтомдору жана 2015-жылдын 20 – июнундагы сессиясынын жергиликтүү комиссия тууралу токтомунун ушул мезгилге чейин аткарылбай жаткандыгы тууралу маалыматты угуп жана талкуулап, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXIX – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөт башчысынын Айылдык Кеңеш тарабынан коюлган талаптарды жана сессиянын токтомдорун аткарбагандыгы үчүн “сөгүш” дисциплинардык чарасын көрүлсүн.
2. Айыл өкмөт башчысына мындан ары Айылдык Кеңештин сессиясынын токтомдорун белгиленген мөөнөттө аткаруу жагы эскертилсин.
Төрага | Ж. Медетов |