Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы
2015-жылдын 20-августу № 169
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Айыл тургундарынын арыздарын карап жана талкуулап, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXIX – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Материалдык жардам сурап арыз жазган айыл тургундары К.Садыралиев, Т.Жунушалиева, М.Кутманалиевдин арыздары соц. пакеттеги акча каржатынын бөлүнүп, кеткендигине байланыштуу канаттандырылбасын.
2. М.Сейталиев орто мектебинин жанына ашар жолу менен курулуп жаткан спорт залга суралган акча каражаты ушул мезгилге чейин аткарылган иштер боюнча отчет берилгенден кийинкиге жана соц. пакетке акча каржаты келип түшкөндөн кийин кароого калтырылсын.
3. Айыл чарба техникаларын арендага берүү жана бюджетке акча каражатын түшүрүү боюнча маселени техника ээлери менен бирдикте чечүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Германканын элге кызмат корсөтүүсү төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:
-10 литр күйүүчү май;
-Кызмат көрсөтүүгө 1000 сом ;
5. Айыл тургун Ж.Рыскуловдун арызын бала бакчанын имартына кошумча имарат курууга жарыяланган тендерде жеңип алган курулуш фирмасынын аткаруусун талап кылуу жагы белгиленсин.
6. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысынан суралсын.
Төрага | Ж. Медетов |