Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы
2015-жылдын 20-августу № 171
Тармактык туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү
Тармактык туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү депутаттардын ой пикирлерин жана сунуштарын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXIX – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин алдында курамы 3 адамдан турган 3 тармактык туруктуу комиссия түзүлсүн.
2. Бюджет, жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссия төмөндөгүдөй депутаттардын курамынан түзүлсүн.
М.Артыкбаев - Тармактык туруктуу комиссиянын төрагасы.
Б.Сыдыгалиев - Тармактык туруктуу комиссиянын мүчөсү;
Н.Артыкбаев - Тармактык туруктуу комиссиянын мүчөсү;
3. Социалдык маселелер , билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданиятты өнүктүрүү боюнча тармактык туруктуу комиссия төмөндөгүдөй депутаттардын курамынан түзүлсүн:
М Иманов - Тармактык туруктуу комиссиянын төрагасы;
М.Ибраимов - Тармактык туруктуу комиссиянын мүчөсү;
М.Матаев - Тармактык туруктуу комиссиянын мүчөсү;
4. “Талас Коппер Голд” компаниясы менен элдин ортосундагы мамилелерди иш аракеттерди тескөө жана транспорт, коммуникация жана кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссия төмөндөгүдөй депутаттардын курамынан түзүлсүн.
- Э.Оморов - Тармактык туруктуу комиссиянын төрагасы;
- Ш.Шыгаев - Тармактык туруктуу комиссиянын мүчөсү;
- Б.Чегебаев - Тармактык туруктуу комиссиянын мүчөсү;
Төрага | Ж. Медетов |