Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
2015-жылдын 1-декабры № 177
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Жер-Үй өнүгүү фондусунан бөлүнгөн акча каражатынын негизинде долбоорлорду ишке ашыруу үчүн айыл тургундарынын соц. сурамжылоонун жыйынтыгын жана айылдагы көйгөйлүү маселелерин карап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезексиз XXXX – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер-Үй өнүгүү фондусунан бөлүнгөн акча каражатынын негизинде төмөндөгүдөй долбоорлор жактырылсын.
· Айылдын маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү;
· Айылга кичи футбол аянттын куруу;
· Айыл чарба техникасын (жүк ташуучу машина, германка) алуу;
· Кодолго БСР суу топтоочу жай куруу;
· Айылга интернет кошуу;
· Мектептерге интерактивдүү доска алуу;
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Медетов |