Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 5-январы ПЖ N 4
Кыргыз Республикасынын референдумуна (бүткүл элдик добуш берүүгө) даярдык көрүү боюнча иш-чаралар жөнүндө
2005-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин өткөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жалпы элдик талкуулоону талдоо, ошондой эле Конституциялык кеңешменин ишинин жыйынтыктары Кыргыз Республикасында мамлекеттик түзүлүш системасын конституциялык реформалоо жана өркүндөтүү маселесине ар кандай мамилелер бар экендигин көрсөттү.
Муну менен бирге жалпы элдик талкуунун катышуучуларынын жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Кыргыз Республикасында башкаруунун формасын тандап алуу максатка ылайыктуу экендигине толук макул болушту, анткени, өлкөнүн андан аркы демократиялык жана укуктук өнүгүшү, конституциялык өзгөрүүлөрдүн өзүн иштеп чыгуу көп жагынан дал ошого байланыштуу болот.
Бирок коомдо жана калк арасында башкаруунун ар кандай формаларында мамлекеттик түзүлүш системасы, конституциялык реформанын башка маселелери жөнүндө жетиштүү түшүнүк жок, бул аларга баа берүүгө жана тандоого аң-сезимдүү мамиле кылууну кыйындатат.
Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда жана калк арасында башкаруунун ар кандай формаларында Кыргыз Республикасында түзүлүштүн маңызын түшүндүрүү боюнча, ошондой эле конституциялык реформанын башка маселелери боюнча кыйла убакыт жана бир катар иш-чараларды жүргүзүү талап кылынат.
Ушуга байланыштуу референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүүгө чейин башкаруунун ар кандай формаларында мамлекеттик түзүлүштүн маңызын, конституциялык реформанын башка маселелерин түшүндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү зарыл деп эсептейм жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясын жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- 2006-жылдын 1-февралына чейин мамлекеттик жана конституциялык укук жагындагы илимпоздорду жана практиктерди тартуу менен башкаруунун ар кандай формаларында мамлекеттик түзүлүштү түшүндүрүү, конституциялык реформанын башка маселелери боюнча жалпыланган материалдарды даярдасын;
- 2006-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчи курамы үчүн жогоруда аталган маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- 2006-жылдын 5-апрелине чейин мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчи курамынын катышуусу менен ошол органдардын кызматкерлеринин арасында жогоруда аталган маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- 2006-жылдын 5-апрелине чейин жогоруда аталган маселелер боюнча ар кандай формаларда (тегерек столдор, жолугушуулар, семинарлар, конференциялар, жыйындар, чогулуштар жана башка) калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында аларды жер-жерлерге жөнөтүү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчи курамынын, юристтердин, саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ичинен республиканын шаарлары менен райондорун бекитип берүү менен жумушчу топторду түзсүн;
- 2006-жылдын экинчи жана үчүнчү кварталдарынын ичинде калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жогоруда аталган жумушчу топторду жер-жерлерге жиберүүнү уюштурсун.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жогоруда аталган жумушчу топтордун катышуусу менен:
- 2006-жылдын экинчи жана үчүнчү кварталдарынын ичинде жогоруда аталган маселелер боюнча калк арасында тийиштүү иш-чараларды өткөрсүн;
- кийинки айдын биринчи күнүнө чейин ай сайын аткарылган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат жөнөтүп турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан, Кыргыз Республикасынын Конституциялык, Жогорку жана жергиликтүү сотторунун судьяларынан башкаруунун ар кандай формаларында мамлекеттик түзүлүштүн маңызын, конституциялык реформанын башка маселелерди түшүндүрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүч кылынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясы жана башка мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын калкынын арасында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын түшүндүрүү иштерин чагылдырууну камсыз кылсын. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жалпыга маалымдоо каражаттарына жогоруда аталган маселелерди кеңири чагылдыруу максатында материалдарды, комментарийлерди, сүйлөгөн сөздөрдү жана башка маалыматтарды берип турсун.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансы жана башка маселелерди чечсин.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына ушул Жарлыктын 1- жана 2-пункттарын жүзөгө ашырууда методикалык, уюштуруу жана башка жардамдарды көрсөтсүн.
7. Түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте 2006-жылдын төртүнчү кварталына дайындала тургандыгы белгиленсин.
8. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ