Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
2015-жылдын 1-декабры № 179
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Айыл өкмөтүнүн аймагында райондук деңгээлде Көкбөрү оюнун өткөрүүгө жана “Андаш суу” СПАсынын ремонт иштерине акча каражатын сурап жазган айыл тургундарынын арыздарын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI –чакырылышынын кезексиз XXXX – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн соц. пакетиндеги акча каражаты бөлүштүрүлүп кеткендиктен айыл өкмөтүнүн аймагында райондук деңгээлде Көкбөрү оюнун өткөрүүгө жана “Андаш суу” СПАсынын ремонт иштерине акча каражатын сурап жазган айыл тургундарынын арыздары канаатандырылбасын.
2. 2015-жылы ремонт иштерине алган акча каражаты тууралу мурабдар арасында ич ара келишпестиктер тууралу арызды жеринде “Андаш суу” СПАсынын кызматкерлери менен бирдикте тактоо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Медетов |