Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
2015-жылдын 20-февралы № 126
Ар кандай маселелер жөнүндө
Арал айылдык Кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасы М.Артыкбаевдин Талас райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте “Андаш” насостук станциясына мотор коюу, суу топтоочу жайды (БСР)ди тазалоо иштери боюнча маселени жана бала бакчага кошумча имарат куруу , чатырын жаңыртуу долбоору боюнча тиешелүү мекеме - уюмдар менен сүйлөшүп, чечилген маселелер боюнча маалыматынын негизинде , депутаттардын көйгөйлүү маселелер боюнча ой пикирлеринин таянып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXXIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылдык Кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасы М.Артыкбаевдин Талас райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте “Андаш” насостук станциясына мотор коюу, суу топтоочу жайды (БСР)ди тазалоо иштери боюнча маселени үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында жана бала бакчага кошумча имарат куруу , чатырын жаңыртуу боюнча түрткү берүүчү грантка долбоорду, тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 1- 2- кварталдарында жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү мекеме - уюмдар менен сүйлөшүлгөн, чечилген маселелерди токтотпой тез аранын ичинде аткарууга алуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Айылдагы №8УДТнун кеңссине коюлган жылытуу системасын кайра оңдоо иштерин жүргүзүү жагы А.Медетовго милдеттендирилсин.
Айылга сырттан сүт алуу үчүн келген жеке ишкерлерге товар алып келип сатууга тыюу салуу, эгерде товар алып келип сатса патент алуусун талап кылуу, Талас райондук салык кызматы жана Талас шаарындагы сүт комбинаттары менен бирдикте иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Айыл өкмөтүнүн мүлкүн инвентаризациядан өткөрүү үчүн Айылдык Кеңештин алдында төмөндөгүдөй курамда комиссия тузүлсүн. Алар:
Б.Сыдыгалиев
М.Артыкбаев
Э.Үмөтов
Айылдык Кеңеш тарабынан бөлүнгөн акча каражатынын максатуу пайдаланышын көзөмөлдөө жагы күчөтүлсүн.
Токтомдун аткарылышы жеке өзүмдүн көзөмөлүмө коюлсун.
Төрага | Ж. Медетов |