Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
2015-жылдын 20-февралы № 127
“Андаш” насостук станциясына 1 даана мотор коюуга, БСРди тазалоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
“Андаш” насостук станциясына 1 даана мотор коюу, суу топтоочу жайды (БСР)ди тазалоо иштери боюнча маселени жана бала бакчага кошумча имарат куруу жана чатырын жаңыртуу долбоору боюнча тиешелүү мекеме - уюмдар менен сүйлөшүп, чечилген маселелер боюнча бюджеттик комиссиянын төрагасы М.Артыкбаевдин аткарган иштери боюнча маалыматты угуп жана талкуулап, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXXIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Андаш” насостук станциясына 1 даана мотор коюууга атайын эсептен 492(төрт жүз токсон эки миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. БСРди тазалоого Талас райондук суу чарба башкармалыгы менен түзүлгөн келишимдин негизинде 70(жетимиш) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | Ж. Медетов |