Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXXIV- сессиясы
2015-жылдын 20-февралы № 128
Арал айылында бош турган “Үмөт Молдо” атындагы башталгыч мектептин имаратынын багытын озгортүп, капиталдык оңдоодон өткөрүп, имараатка кошумча курулуш куруп, бала бакча ачуу жөнүндө
Арал айылында бош турган “Үмөт Молдо” атындагы башталгыч мектептин имаратынын багытын өзгөртүп, имаратты бала бакча үчүн пайдаланууга түрткү берүүчү грантка долбоор жазууга, Арал айылында бала бакчанын жоктугун эске алып, Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын жана депутат М.Артыкбаевдин сунуштарын карап жана талкуулап, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылында бош турган “Үмөт Молдо” атындагы башталгыч мектептин имаратынын багытын өзгөртүп, 90 орундуу бала бакча ачуу үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин түрткү берүүчү гранттар бөлүмүнө “Үмөт Молдо” атындагы башталгыч мектептин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүп, кошумча узуну 19 метр, туурасы 5 метрди түзгөн курулуш куруу үчүн долбоор жазууга макулдук берилсин.
3. Долбоорду ишке ашырууда айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү 749842сом же 20% пайыздык өздүк салымды 2015-жылдын бюджетине киргизүү жагы айыл өкмөт башчысы Б.Тайтаковго милдеттендирилсин.
4. Долбоор жазуу , долбоорду ишке ашыруу, быйылкы жылы 90 бала тарбиялануучу бала бакчаны ачуу жана жаңы 10 жумушчу оруну менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Тайтаковго милдеттендирилсин.
5. 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 749842 сом же 20% пайыздык өздүк салым накталай акча катары долбоор ишке ашырылары менен долбоорду колдоо үчүн курулуш мекемесинин эсебине которулуп берилсин.
Төрага | Ж.Медетов |