Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
2015-жылдын 19-марты №137
“Чойбек” булуңундагы дренажды тазалоо жана жолуна кум шагыл төгүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
“Чойбек” булуңундагы дренажды тазалоо жана жолуна кум шагыл төгүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндөгү айыл тургундарынын арыздарын карап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чойбек” булуңундагы дренажды тазалоо жана жолуна кум шагыл төгүүгө соц.пакеттеги акчадан 20000(жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатынын максатуу пайдаланышын көзөмөлдөө үчүн төмөндөгүдөй курамда депутаттык комиссия тузүлсүн. Алар:
· Иманов М.Э.
· Чегебаев Б.Т.
· Оморов Э.М.
3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | Ж.Медетов |