Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
2015-жылдын 19-марты №138
Айрым айыл тургундарынын ден-соолугун чыңдоого соц.пакеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Айрым айыл тургундарынын ден-соолугун чыңдоого акча каражатын бөлүү жөнүндөгү арыздарын карап, депутаттардын ой-пикирлеринин жана сунуштарынын негизинде Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургуну Сыдыкбеков Нурландын ден-соолугун чыңдоо үчүн соц. пакеттеги акча каражатынан 80 (сексен миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Айыл тургуну Жумалиев Мураттын бөйрөгүн операция жасатууга жардам катары соц.пакеттеги акча каражатынан 80 (сексен миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ноорузбаев Мирбектин ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген уулу Мирбек уулу Бектин дарылануусуна жардам катары соц.пакеттеги акча каражатынан 50(элүү миң) сом бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышы жеке өзүмдүн көзөмөлүмө калтырылсын.
Төрага | Ж. Медетов |