Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
2015-жылдын 19-марты №139
“Төшмашат” ИСКАКБне айылдагы кудуктардын ремонт иштерине түзүлгөн сметанын негизинде акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
“Төшмашат” ИСКАКБнин төрагасы Т.Төкөлдөшовдун айылдын таза суусунун ремонт иштерине керектелүүчү акча каражатынын сметасын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Төшмашат” ИСКАКБнин айылдын таза суусунун ремонт иштерине керектелүүчү акча каражатына түзүлгөн сметанын негизинде 441,200(төрт жүз кырк бир миң эки жүз ) сом акча каржаты айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинен ашкан каржатын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаты “Кодол” суу куйулмасын оңдоо, Кыдыров Узактын үйүнөн Жумабаев Карагулдун үйүнө чейин 150 метр узундуктагы трубаны кошуу, Досалиев көчөсүндөгү суу жетпеген жерлерге таза суу жеткирүү б.а Арал айылындагы таза суунун ремонт иштерин толук аяктоо иштерин аткарууга жумшалсын жана жумушту аткарууга төрт ай мөөнөт берилсин.
3. Айылды үзгүлтүксүз жыл бою таза суу менен камсыз кылуу үчүн таза суу пайдалануучулар үчүн төмөндөгүдөй талаптарды аткарууга алуу жагы жана айыл мыйзамынын талаптарын аткарбаган айыл тургундарына жаза чараларын кароо жагы белгиленсин.Алар:
· Башкы суу куйулмасынын тегерегине жашылча жемиш айдоого тыюу салынсын;
· “Төшмашат” ИСКАКБнын төрагасы Т.Төкөлдөшовдун уруксаты жок өз алдынча үйүнө суу киргизгендерге , суу системасына залал келтиргендерге 3000(үч миң) сом өлчөмүндө айып салынсын .
· Үйүнө суу киргизүүнү каалагандар ИСКАКБ “Төшмашаттын” төрагасы Т.Төкөлдөшовдун уруксаты менен киргизүү жана киргизүу үчүн 1000(миң )сом өлчөмүндө кызмат көрсөтүүгө акы төлөө жагы белгиленсин.
4. “Төшмашат” ИСКАКБнын мурунку төрагасынан иш кагаздарын жана айыл боюнча таза суу системасын өткөрүп алуу үчүн депутаттык комиссия түзүлсүн. Комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар сунушталсын
· Ш.Шыгаев
· Э.Үмөтов
· Э.Оморов
5. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | Ж. Медетов |