Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
2015-жылдын 19-марты №140
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Айылдагы М.Сейталиев орто мектебинин директорунун мектептин жылытуу системасын реконструкциялоо боюнча кайрылуу каты менен таанышып жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Сейталиев мектебинин директорунун мектептин жылытуу системасын реконструкциялоо боюнча кайрылуу каты боюнча иштер аткарууга алынсын.
2. Аткарылуучу ишке керектелүүчү акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин ар кандай чыгымдар бөлүмүнөн 80(сексен миң) сом акча каражаты бөлунүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | Ж. Медетов |