Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
2015-жылдын 19-марты №141
Айылдык Кеңештин иш-кагаздарын алып барууга орг. техника менен камсыз кылуу жөнүндө
Айылдык Кеңештин иш-кагаздарын алып баруу үчүн орг.техника сатып берүү жөнүндөгү депутаттардын ой-пикирлерин сунуштарын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин иш-кагаздарын алып баруу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк эсебинен ноутбук, флешка, интернет байланышы үчүн модем, клавиатура жана чычкан ( мышка) сатып алууга акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | Ж. Медетов |