Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 9-январы ПЖ № 5
«Кыргыз темиржолу» Улуттук компаниясы»
мамлекеттик ишканасы жөнүндө
Темиржол транспортун башкаруу системасын өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын аймагында темиржол транспортунун ишин координациялоо жана андан ары өнүктүрүү стартегиясын иштеп чыгуу максатында токтом кылам:
1. "Кыргыз темиржолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасын акциялаштыруу максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бир айлык мөөнөттө "Темиржол транспорту жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды, Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү Программасын жана "Кыргыз темиржолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасын жана анын түзүмүнө кирген ишканалар менен уюмдарды мамлекеттен ажыратууну чектөөнү жокко чыгарган башка ченемдик укуктук актыларды даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан бардык уюштуруу
маселелерин белгиленген тартипте чечсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев