Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
2015-жылдын 19-марты №144
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
“Андаш суу” СПАсынын жаңы жетекчисинин “Андаш” каналын жазгы ремонттон өткөрүүгө керектелүүчү акча каражат сурап жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Андаш суу” СПАсынын жаңы жетекчисинин “Андаш” каналын жазгы ремонттон өткөрүүгө керектелүүчү акча каражат сурап жазган арызы канаатандырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин ар кандай чыгымдар бөлүмүнөн “Андаш” каналын жагы ремонттон өткөрүү иштерине 70(жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнөн суралсын.
Төрага | Ж. Медетов |