Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
2015-жылдын 19-марты №146
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешине айыл тургундарынан келген арыз датанууларын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары - Булак өзөнүндөгү дыйкандардын суу топтоочу жай куруп берүү ж-дөгү арызы соц.пакеттеги акча соц.объектилерди курууга бөлүнүп кеткендиктен канаатандырылган жок.
2. Кыдыров Эсенгелдинин өзү азыркы мезгилге чейин жашап келген союз мезгилиндеги май куюуучу жайдын ордуна там-таш салууга уруксат берүү жөнүндөгү арызы канаатандырылды. Аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдетендирилди.
3. IV- кварталдын айыл тургундарынын Жусупбеков Майрамбектин жана Сыдыков Асантурдун жер участокторунун ортосундагы жолду ачып берүү жөнүндөгү арызы канаатандырылган жок. Себеби бул жер участоктору мамлекеттик каттоодон өткөн .
4. К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин жана М.Сейталиев орто мектебинин директорлорунун мектептерге керектелүүчү буюмдарды алып берүү жана кезектеги ремонт иштерине акча каражатын бөлүү ж-дөгү арызы , №3 айылдык китепкана башчысынын ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө керектүү кеңсе буюмдарын алууга акча каражатын сураган арызы,Айылдык Кеңештин алдындагы коомдук уюмдарга жыл ичинде ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү коомдук уюмдардын жетекчилеринин арыздары айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдар бөлүмүнөн жыл ичинде бөлүнүп берилмек болду б.а арыздар канаатандырылды.
5. Арал айыл өкмөтүнүн мал чарба адисинин айылдагы айыл жашоочуларынын ит мышыктарына каттоо күбөлүктөрүн берүүгө жана жолбун ит мышыктарды атууга акча каражатын сурап жазган арызы канаатандырылып, сметанын негизинде айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдар эсебинен бөлүнүп берилмек болду.
6. Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык тескөөчүсүнүн иш бөлмөсүн жабдууга керектүү жабдууларды берүу жөнүндөгү өтүнүч каты канаатандырылды.
7. Талды-Булак өзөнүндөгү дыйкандардын Талды –Булакка суу топтоочу жай куруу жөнүндөгү арызы депутаттар тарабынан канаатандырылган жок.
8. Айыл тургун Абдырахманов Ахмеддин Терек өзөнүндөгү кечмеликке труба салуу жөнүндөгү арызы жайыт комитетине жөнөтүлдү.
9. Айыл тургуну А.Мамбеталиевдин өзү жашаган үйдүн жанына труба салуу жөнүндөгү арызы канаатандырылды.
10. Айыл тургуну Карабаев Оңолбектин Теректин Сайындагы жашылдандырган жерине там-таш салууга уруксат сурап жазган арызы канаатандырылган жок.
11. Чынаалы жана Жаныбай көчөсүнүн тургундарынын жолуна көпүрө салуу жөнүндөгү арызы канаатандырылган жок. Депутаттар айыл тургундары өздөрунүн салымдары менен куруп алгандыгы талапка ылайык экендигин билдиришти.
12. Талас райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кайрылуу каты канаатандырылган жок.
13. КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Чат-Базар айылында жайгашкан имараттынын ремонт иштерине жардам берүү жөнүндөгү кайрылуу каты аткарууга алынып, жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
14. Айылдагы №8 УДТнун ремонт иштеринин жана жылытуу системасынын сапатсыз бүткөрүлгөндүгү тууралу Турсуналиев Алгазынын арызы атайын түзүлгөн кабыл алуу комиссиясына тапшырылды жана мөөңөт берүү керектиги эскертилди.
15. Айылдын үстүндөгү жаңы конуштарга электр чубалгыларын тартуу жөнүндөгү айыл тургундарынын арыздары канаатандырылган жок.
16. Токтомдун аткарылышы б.а арыз ээлерине жооп жазып жиберүү жагы Айылдык Кеңештин катчысына милдеттендирилди.
Төрага | Ж. Медетов |