Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
2015-жылдын 19-марты №147
Айылдык Кеңештин алдындагы Коомдук уюмдардын сапаттык курамын , айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн , иш регламентин жана ички Эмгек тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Айылдык Кеңештин алдындагы Коомдук уюмдардын сапаттык курамын , айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн , иш регламентин жана ички Эмгек тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндөгү Кеңештин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин алдындагы Аялдар Кеңешинин, Аксакалдар Кеңешинин, Аксакалдар Сотунун , Жаштар Кеңешинин 2015-жылга түзүлгөн сапаттык курамы бекитилсин.
2. Аксакалдар Сотунун төрагасына соттун отурумуна катышпаган мүчөлөрүнүн ишин кароо жагы эскертилсин.
3. Арал айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин 2015-жылга түзүлгөн штаттык түзүмү бекитилсин.
4. Арал айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин 2015-жылга түзүлгөн иш регламенти бекитилсин.
5. Арал айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин 2015-жылга түзүлгөн ички Эмгек тартиби жөнүндөгү Жобосу бекитилсин.
Төрага | Ж. Медетов |