Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 148
Экскватордун элге кызмат көрсөтүү наркын белгилөө жөнүндө
Экскватордун элге кызмат көрсөтүү боюнча Дүйшөбаев Болотбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,. Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Экскватордун элге кызмат көрсөтүүсү боюнча 2015-жылга төмөндөгүдөй нарк бекитилсин:
· Таза сууну үйгө киргизүүгө 1 метрине 120 сом , көмгөнү боюнча кызмат көрсөтүүнү кошо эсептегенде ;
· Топурак ташууга ГАЗ-50 машинасынын рейсине 350 сомдон, он рейстен ашкандан кийин 300 сомдон, күйүүчү майы ичинде.
· Чуңкур казуу 3 метр тереңдикте 900 сом , күйүүчү майы ичинде.
· Арык тазалаганга 1 метр 60 сомдон, күйүүчү майы ичинде.
· Муниципалдык менчиктеги объектилердин жумушун аткарганда күйүүчү май менен камсыз кылынат, кызмат көрсөтүүсү бекер.
· Түртүүчү тегиздөөчү жерлер жердин кыртышына жараша саатына төлөнөт.
2. Экскваторду өткөрүп берүү жана кабыл алуу актысын түзүү жагы каржы бөлүмүнүн башчысына милдетендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | А. Медетов |