Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
2015-жылдын 3-апрели № 152
Элдик жыйындын токтомун бекитүү жөнүндө
Элдик жыйындын токтомунун негизинде Депутаттардын Арал айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдап себүү наркы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
1) Айдоо- гектарына 30литр май, 1200сом.
2) Себүү- гектарына 10литр май, 500сом.
3) Тегиздөө- гектарына 6литр май, 500сом.
4) Чөп чабууга- гектарына 10литр май, 1000сом.
5) Чөп пресстөө- түгүнө 10 сом,гектарына 10литр май.
2. Мал багуучу,мал бактыруучу жана айыл өкмөтү менен үч тараптуу келишим түзүлсун жана мал багуунун наркы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
1) Кой, эчки- 40сом бир аайга
2) Уй,торпок- 350сом бир айга
3) Жылкы- 400сом. бир айга
3. Фермерлердин көчүп конуусунун графиги төмөндөгүдөй бекитилсин.
1) Бөксө жайлоого 1-майдан, 10-майга чейин көчүп кетсин.
2) Алыскы жайлоого кочүү 20-июнь,көчүп келүү 20-сентябрь
3) Жайкысын сарайларда мал калбасын.
4) Башка жактан мал айыл аймагына багууга кирбесин.
4. Айыл мыйзамынын талаптарын аткарбаган айыл тургундарына төмөндөгудөй айыптар салынсын:
1) Айыл тургундарынын үлүш жерине түшүп зыян келтирген мал ээлерине 500сом кой эчкиге ,кара малга 1000сом ар бир башка айып салынсын. 2) Айыл аймагындагы коомдук мүлккө зыян келтиргендерге 5000сом айып салынсын .
3) Алыскы жайлоодон белгиленген убакытта эрте көчүп келгендерге 20 000сом айып салынсын.
4) Алыскы же жакынкы жайлоолого белгиленген убакта көчпөсө 10 000сом айып салынсын.
5) Мураптан уруксаты жок сугат сууну уурдап жыкса 10 000сом айып салынсын.
6) АВПнын жетекчисине жана мураптарга сугат убагында суу менен камсыз кылбаса 10 000сом айып салынсын .
7) Белгиленген айыптарды үч күн 72саат мөөнөтүндө төлөбөсө тийиштүү органдарга берилсин.
Ветеринардык иш-чаралар боюнча:
1) Айыл аймагындагы ит-мышыктарды эмдөөдөн жана дарылатуудан баш тарткан тургундардын иттери жок кылынсын. 2) Айыл тургундарынын иттери эртең мененки саат 6дан кечки саат 10го чейин байланбай бош журсө атууга уруксат берилсин.
5. Токтомдун аткарылышы айыл окмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | А. Медетов |