Загрузка документа…
КР Президентинин
2011-жылдын 24-майындагы ПЖ № 123 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 12-январы ПЖ № 7
Товарларды контролдук (латенттик) белгилер менен маркировкалоо системасы жөнүндө
Товарларды зсепке алууну өркүндөтүү, керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине түшүүлөрдү көбөйтүүнү камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Контрабандалык ташып келүүгө жана мыйзамсыз өндүрүүгө кыйла көп дуушар болгон товарларды контролдук (латенттик) белгилер менен маркировкалоо системасын Кыргыз Республикасынын аймагында киргизүү максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө контрабандалык ташып келүүгө жана мыйзамсыз өндүрүүгө кыйла көп дуушар болгон товарлардын тизмесин, ал товарларды контролдук (латенттик) белгилер менен маркировкалоо системасын иштеп чыгуу жана жөнгө салуу механизмдерин аныктаган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |