Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
2015-жылдын 20-июну № 154
Арыздарды кароо
Айылдагы 3-кварталдын кварталдык жыйынынын кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кол тийгиз акча каржаты жана 2015-жылдын 12- майында болуп өткөн сел боюнча Премьер-Министрге кат жолдоо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
2. Селден жер үлүшү жабыр тарткан айыл тургуну Ы.Нурманбетовдун жерди айдап себүүгө кеткен чыгымдын одун толтуруу жөнүндөгү арызы, айыл өкмөтүнүн соц. пакеттеги акча каражаты айылдын социалдык инфрастуктурасын жакшыртуу иштерине бөлүнүп кеткендигине байланыштуу, ТКГ компаниясы тарабынан чалгындоо иштерине быйылкы жыл үчүн бөлүнгөн акча каржаты жергиликтүү бюджетке келип түшкөндөн кийин каралсын.
3. Селден жабыр тарткан айыл тургуну Жакыпбаев Нурландын азык түлүк жагынан жардам берүү тууралу жазган арызы, айыл өкмөтүнүн соц. пакеттеги акча каражаты айылдын социалдык инфрастуктурасын жакшыртуу иштерине бөлүнүп кеткендигине байланыштуу, ТКГ компаниясы тарабынан чалгындоо иштерине быйылкы жыл үчүн бөлүнгөн акча каржаты жергиликтүү бюджетке келип түшкөндөн кийин каралсын.
4. Айылдагы көчөлөрдүн аты жазылган такталарды илүү жана үйлөргө катар номер коюу маселеси айыл өкмөтүнүн соц. пакеттеги акча каражаты айылдын социалдык инфрастуктурасын жакшыртуу иштерине бөлүнүп кеткендигине байланыштуу, ТКГ компаниясы тарабынан чалгындоо иштерине быйылкы жыл үчүн бөлүнгөн акча каржаты жергиликтүү бюджетке келип түшкөндөн кийин каралсын.
5. Айылдагы жаңы конушка электр чубалгыларын тартууга акча каражатын сурап жазган айыл тургундарынын арызы, орнотууга керектелүүчү акча каражатынын суммасын эсептеп, райондук жана облустук электр тармактар ишканасы менен бирдикте аткаруу жана бул маселени чечүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Медетов |