Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXV- сессиясы
2015-жылдын 20-июну № 157
Арыздарды кароо
“Жерүй” тоо кенин иштетүү боюнча райондук өнүгүү фондусуна келип түшкөн акча каражатын пайдалануу маселесин жана айыл өкмөт башчысынын “Андаш суу”СПАсын Талас райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүү жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жерүй” тоо кенин иштетүү боюнча райондук өнүгүү фондусуна келип түшкөн акча каражатын пайдалануу маселеси райондогу Айылдык Кеңештин спикерлери менен макулдашып, анан чечүү үчүн кийинки сессияга калтырылсын.
2. “Андаш суу”СПАсын Талас райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин.
3. Өткөрүп берүү боюнча тиешелүү юридикалык документтерди даярдоо б.а токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Медетов |