Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ N 172 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 16-январы ПЖ N 12
N 16 Кадамжай, N 39 Куршаб жана N 69 Балыкчы бир мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча чыгып кеткендердин ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясындагы 1-пункттун 3-пунктчасына, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 69-статьясындагы 7-пунктка ылайык токтом кылам:
1. N 16 Кадамжай, N 39 Куршаб жана N 69 Балыкчы бир мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жекшембиге - 2006-жылдын 9-апрелине дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- көрсөтүлгөн шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиинн депутаттарын шайлоону өткөрүүнү финансылоо маселесин чечсин;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары сакталышын камсыз кылсын.
4. Ысыккөл областынын Балыкчы шаарынын мэриясы, Ысыккөл областынын Ысыккөл районунун, Баткен областынын Кадамжай районунун жана Ош областынын Өзгөн районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев