Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги III-сессиясы
2017-жылдын 17-январы № 3/4
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жыйымдар боюнча женилдиктерди киргизүү жɵнүндɵ
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган адамдарга жергиликтүү жыйымдардан женилдик берүү жөнүндөгү Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Б.Кɵбɵновдун сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандарга «Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымынан» женилдиктер каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Базаркулов |