Редакцияот 10.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

 

2017-жылдын 10-февралы № 3/7

Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин депутаты Б.К.Акишовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоту жөнүндө

Кыргыз Республикасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 22-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык депутаттыкты жана айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат орду менен айкалыштырууга болбогондуктан, ушул эле мыйзамдын 24-беренесинин 2,2-1, 3-бөлүктөрүнө ылайык депутаттык ыйгарым укуктарын мөонөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Акишов Бурканбек Карыбековичтин жазган арызын карап жана талкуулдап, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин №4143 Чекилдек шайлоо округунан айылдык кеӊешинин депутаты болуп шайланган Акишов Бурканбек Карыбековичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.

 

Төрага

Р.Базаркулов