Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги VI -сессиясы
2017-жылдын 3-марты № 4/4
Семиз-Бел айыл аймагында салыктардын базалык ставкаларын жогорулатуу жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагында салыктардын базалык ставкаларын жогорулатуу боюнча салык инспектору Б.Кɵбɵновдун сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын №9/2 токтому менен бекиген 1,1 коэффиценти күчүнɵ калтырылсын.
2.Семиз-Бел айыл аймагынын жер салыктары жер үлүштүн (дыйкан чарбанын) жана айыл чарба эмес салыгы (не с/х)1,1 коэффиценти менен алынсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымовага жүктɵлсүн.
Төрага | Р.Базаркулов |